Ысык-Көл. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын фестивалы өтүүдө

Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы Музыкалык драма театрда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын “Жашоо, чектөөсүз мүмкүнчүлүктөр” аттуу фестивалы өтүп жатат. Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдын максаты - мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өгөйлөп мамиле кылууну жок кылуу. Иш-чарага облус башчы Эмил Каптагаев, шаар мэри Рыскул Калыгулов катышып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акчалай белек тапшырышты. Фестиваль 3 багытта өтүүдө, алар: эстрада, фольклор жана бий. Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан жана Орусиядан келген ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар катышууда. Эске сала кетсек, фестиваль эки күнгө созулуп, жеңүүчүлөр 28-августта аныкталат.

.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан