"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман 22-мартка караган түнү "Сосновка" посту жабылары айтылганын билдирген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан учурда Бишкек-Ош жолу ачык экенин, жабылбай турганын кабарлашты. "Жолдор жабыла турган болсо алдын ала маалымат беребиз", - деп билдиришти.
Бүгүн, 21-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз өлкөсүнө өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу чечимди кабыл алды.