Кытайда коронавирус жуктурган бейтаптардын 94 пайызы айыкты

Кытайда коронавирус катталган күндөн тарта май айынын аягына чейин 78 миң 307 бейтап ооруну жеңип чыкты. Ал эми бул илдеттен каза болгондордун саны 4 миң 634 адамды түздү. Муну менен вирус жуктурган бейтаптардын 94,3 пайызы айыгып чыкты. Мындай маалыматты кытайлык басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылгандай, вирус жуктургандардын 94,3 пайызын айыктыруу мүмкүн болсо, өлүмдүн саны 5,6 пайызды түзгөн. Кытай Эл Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда, 31-майга карата коронавирус менен 58 миң адам ооруканаларга жаткырылган. Алардын дарылануусуна 1 миллиард 35 миллион юань (190 миллион 100 миң доллар) сарпталган. Ар бир бейтаптын дарылануусуна 23 миң юань кеткен. Ал эми акыбалы оор бейтаптарды дарылоого 150 миң юандан 2 миллион юанга чейин (21 миң доллардан 140 миң 800 долларга чейин) кеткен учурлар да болгон. Бейтаптардын бардыгы мамлекеттин эсебинен дарыланган.

Коронавирустун очогу болгон Хубэй провинциясына жана Ухан шаарына жалпысынан 1 миллиондон ашуун медицина кызматкери тартылган. Алардын ичинен өз ыктыяры менен келгендер дагы бар. Кызмат учурунда 2 миңден ашуун дарыгер бейтаптардан вирус жуктуруп алса, ондогон дарыгер каза болгон. Ошондой эле дарыгерлерге 8 миллион 800 миң ыктыярчы жардамга келген. Жалпысынан алганда алар 460 миң объектиде 300 миллион сааттан ашуун иштешкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан