Бүгүн, 10-апрелде Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Валюта рыногундагы абал бүгүнкү күнгө карата туруктуу, доллардын курсу сомго карата жыл башынан бери 11,92 пайызга өстү. Алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүн болтурбоо үчүн КРУБ жалпы суммасы 216,9 миллион долларды сатуу боюнча 8 интервенция жүргүзгөн.
Улуттук Банктын эл аралык резервдери 9-апрелге карата 2 миллиард 368,8 миллион долларын түздү.
“Насыялык төлөмдөрдү убагында төлөбөгөндөр үчүн, учурдагы кырдаалды эске алып, бардык банктарга бул мөөнөттү кредиттик тарыхка кошпоо сунушталды”, - деп билдирди Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева.
Белгилей кетсек, өзгөчө абал режими күчүндө болгон мезгилинде насыяларды төлөө, айыптарды жана туумдарды кошпостон үч айга жылдырылган.
Өзгөчө абал талаптарына ылайык банк иш алып барууда. Учурда нак эмес жана аралыктан төлөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле онлайн төлөмдөрү дагы киргизилген. Учурда 1 миң 200 терминал, 1 миң 300 пост терминалы, жана 1 миң 827 төлөм терминалдары иштеп жатат.
Улуттук банк учурда бардык берилген насыяларды карап жатат. Ошондой эле аларды узартуу иштери дагы чечилүүдө.