"Жолдор толук жабылып калыптыр деген маалымат чындыкка дал келбейт" дейт ӨКМнын жетекчисинин орун басары

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов "жолдор толук жабылып калыптыр" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

"Ар кандай маалыматтар жүрүп жатат. Жолдорду толук жаап салыптыр, эч кимди бастырбай, жылдырбай жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул карантиндик посттун өзүнүн атайын милдеттери бар. Эгерде ооруп калгандар болсо, зарылчылык болсо өткөргөнгө болот. Күнүмдүк колдонуп жаткан продукцияларды ташып жаткандарга, ишкерлерге тоскоолдуктар жок. Мурда кандай өтүп жүрсө ошол шартта калат", - дейт министрдин орун басары.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан