Кытайда сутка ичинде 17 адамдан коронавирус аныкталды

Коронавирустун очогу болгон Кытайда акыркы бир сутка ичинде 17 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен жетөө сырттан келгендер. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталгандардын ичинен бешөө Хубэй провинциясында, үчөө Цзилинь провинциясында жана экөө өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Ляонин жана Хэйлунцзян провинцияларында катталды.

Бул көрсөткүч менен коңшу Кытайда жалпы коронавирус аныкталгандардын саны 84 миң 10 адамга жетти. 4 миң 637 адам каза болсо, 79 миң 167 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан