Бишкек шаарынын Масалиев көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт Масалиев көчөсүндө жайгашкан №227 турак үйдөн чыккан. Өрт тууралуу маалымат 22-мартта саат 16:44тө түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 3 бөлүм тартылган.