Ангела Меркель үй карантинине алынды

Германиянын канцлери Ангела Меркель үй карантинине алынды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Кечээ, 22-мартта кечинде канцлер өкмөттө жыйын өткөргөн. Ал жыйында эки адамдан ашыкча чогулууга тыюу салынган. Меркель мындай чечимди ага жакында эле эмдөө кылган дарыгер коронавирус жуктуруп алганы маалым болгондон кийин кабыл алды.

Канцлер изоляцияга алынган учурда өз милдеттерин аткарууну уланта берет.

Учурда Германия коронавирус жуктуруп алгандардын санынын көптүгү боюнча алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирет. Илдетке чалдыккандардын саны 24 миң адамга жакындап калды. Ал эми каза болгондордун саны 92 киши.

Ангела Меркель 65 жашта. Ал 2005-жылдан бери Германиянын канцлери кызматын аркалап келет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан