Вирус жугузган ак халатчандардын саны 140ка жетти. Сутка ичинде медициналык 6 кызматкерден оору аныкталды

Бир сутка ичинде медициналык 6 кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-апрелге карата коронавирус боюнча абалды айтып жатып билдирди.

Оору аныкталган ак халатчандардын ичинен:

Жалал-Абад облусунда – 3;

Ош шаарында – 1;

Нарын облусунда – 1;

Бишкек шаарында – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында катталгандар - 140. Анын арасынан 39у дарыгерлер, медициналык орто билимдүү кызматкерлер 58, 23ү санитардык кызматкерлер, медициналык мекемелерде техникалык жаатта, чарба бөлүмдөрүндө, ашканада иштегендердин ичинен оору жугузгандар - 20.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kairat1996
2020-04-20 11:28:20
Жакында врачтарга жакын жологондон коркуп калышабы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан