Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Жарандар изоляция эрежелерин толук сактабай жатышат"

Бүгүн, 23-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берүүдө.

Жыйында Кыргыз өлкөсүнүн жарандары кырдаалды түшүнбөй эң жөнөкөй гигиеналык эрежелерди сактабай жаткандары айтылды.

"Биздин жарандар изоляциянын эрежелерин толук түрдө сактабай жатышат. Андыктан дагы бир жолу аларга кайрылып кетээр элем. Коомдук тамактануу жайлардан тамактанбай, туугандардыкына барбай, колдон келишинче үйдө отурганга аракет кылгыла. Бири-бири менен кол алышып учурашпоо, колду бат-баттан самын менен жакшылап жууп туруу керек. Дүкөнгө үй-бүлөнүн бир гана мүчөсү баруу керек", - дейт Акматова.

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктурган 14 учур бойдон калууда. 14 адамдын бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы маалымдалды.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев вирус жуктургандардын баары сырттан келгендигин айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Muratmipa
2020-03-23 10:32:28
Айтып эле жатасынар силер да кичине эле жардам бергиле да кредитти эмнеге каникул берген жок
+4
Samatalibei
2020-03-23 10:52:24
Muratmipa, Туура айтасың. Дарыканалар менен Азык түлүк саткан жайларды ачып, калган жайларды жаап койуш керек эле! Жумушка барам деп канча киши сыртта аялдамаларда чогулуп жүрөт анан кантип ошолор ооруу жугузбайт! Кредити барларга бир ай убакыт бериш керек эле! Үйдөн чыкпагыла дейт Банктан кредитти токкуло дейт! канчасы бетинде маска жок эмне кылышты билбей сыртта жүрөт! Баарын жапкыла да элге катуу эле эскертүү бергиле чыкпагыла деп! Баардык эрежелерди сактап Бул күндөрдөн өтүп кетеличи.
+2
Raihan0602
2020-03-23 10:56:38
Кредити бар жарандар Банка барып арыз жазсаңар болот 1-2 айга токтотуп турат
-1
Samatalibei
2020-03-23 11:13:07
Raihan0602, Банктардан Кредитти токкуло бизге андай приказ келген жок деп айтыпатат.
+3
asanaliev.s
2020-03-23 13:05:16
Айла жок ишке бармай келмей болбосо ач калабыз.
0
akmanai
2020-03-23 18:22:28
Ооруп калгандан коро бар тапканынарды жеп отуруп тургула даа. Жоопкерчиликтуу бололучу улутубуз учун. Биз да бир жума айылда болуп келебиз деп келген бойдон журобуз. Кун ысыса вирус жоголоор деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан