Уханда экинчи толкунга жол бербөө үчүн бардык жашоочулардан тест алынат

Коронавирустун алгачкы очогу болгон Ухан шаарында кайрадан инфекция жугузгандар катталып баштаганына байланыштуу жашоочулардын баарынан тест алышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган буйрук шаардык муниципалитетке келип түшүп, 10 күндүк массалык тест алуу иш-чарасы жүргүзүлүү алдында турат.

Белгилей кетсек, акыркы бир ай ичинде Уханда коронавирус жуктургандар катталбай калган эле. 9-май күнү вирус жуктурган алгачкы 1 адам аныкталып, андан сырткары 16 адам шектелген. Эртеси 16 шектелгендердин арасынан 5өө коронавирус экендиги тастыкталган. Ошого байланыштуу экинчи толкунга жол бербөө максатында жашоочулардын баарынан коронавируска тест тапшыртышууда.

Эске салсак, Ухан Кытайдагы калкы жыш жайгашкан шаарлардын бири жана ал жакта 13 миллионго чукул адам жашаары айтылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akmanai
2020-05-12 20:33:16
Алдын алат деген ушул. А биз какшап эле келатабыз ар бир жашоочудан тест алып тазасын тазадай ооруусун ооруудай болуп ошого жараша иш кылалы деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан