Коронавирус оорусун алдын алуу үчүн коңшу Өзбекстанда медициналык бет кабы жок жүргөн жарандарга 23 доллар айып салынат. Эгер бул көрүнүш дагы кайталанса 70 доллар өлчөмүндөгү айып салынат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жазышууда.
"23-марттан баштап Ташкент шаарында жана облустардын борборлорунда адамдардын медициналык бет капсыз жүрүшүнө тыюу салынат. 25-марттан баштап бул эрежени аткарбагандарга айып пул салынат", - деп билдирген коронавируска каршы ыкчам штабдан.
Буга чейин Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 45ке жеткендиги кабарланган.