Түндүк Кореянын лидери өлкөдө эмнеге коронавирус жок экендигин түшүндүрдү

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын эмне үчүн өлкөдө коронавирус менен ооругандар катталбаганын түшүндүрдү. Анын айтымында, бул Эмгек партиясынын ишинин жана калктын биримдигинин аркасында ишке ашкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын бейшемби күнү Эмгек партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун жыйынына катышкан.

Урматтуу улук лидер, алты айлык өзгөчө кырдаалдагы эпидемияга каршы күрөшүү ишин өзгөчө талдап чыгып, дүйнөлүк саламаттыкты сактоодогу кризиске карабастан, биз коркунучтуу вирустун аймакка кирүүсүн толугу менен токтотуп жатабыз жана эпидемияга каршы туруктуу абалды сактайбыз", - деп билдирген борбордук көзөмөл комиссиясы.

Ал эми Ким Чен Ын бул ишти сыймыктуу жетишкендик деп эсептеп, партиянын борбордук комитетинин башкаруу жөндөмү жана буйруктар боюнча иш алып барган элдин биримдигинин аркасында ушундай жеңиш болгонун баса белгиледи.

Расмий маалыматтар боюнча, Түндүк Кореяда коронавирустук инфекциянын бир дагы учуру каттала элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aza84
2020-07-03 14:25:25
Калп болуш керек
-3
Krai
2020-07-03 14:53:16
aza84,балким чындыр ал жакта тартип күчтүү отур дегенде отуруп чыкпа десе чыгышпайт
+16
love_story
2020-07-03 14:57:27
Молодец
+6
Raihan0602
2020-07-03 15:01:11
Кандай жакшы бул өлгүр вирус жокто биз да спокойно каалаган жака барып каалаганда келип жашообуз сонун эле гооо
+4
-BOSS-
2020-07-03 15:07:15
Вирус жугузуп келген адамды аткандан кайра тартпаган өлкө да КНДР
+9
zevs
2020-07-03 15:08:00
Еми качан дары бизнес бутуп вирусту елдер оздору имунитет менен сакайта баштаганда дары чыкса керек. Ага чейин ушинтип коркуп жашай берет екенбизда. Вирус вирус дей берип вирус келгенче еле ооруп кала турган болдук.
+1
bond0202
2020-07-03 17:45:56
тундук корея жонундо [moderated]дан издеп карасанар билесинер элинин кандай акыбалда жашаганын.билип билбей эле молодец деп суктана бербей
+4
satyke
2020-07-03 19:47:59
bond0202,Билбегендер жаза берет да. Россиянын озундо 30000 ашуун КНДРдин мигранттары Дальный Востокдо,Москвада,Петербургда курулуштарда иштейт экен Росстаттын маалыматы боюнча.КНДРдин спецслужбасынын кураторлорунун козомолу астында. Кулдай иштешип жарыбаган акчаны алышат дейт. Мамлекети бакбаганы аз келгендей чет жерде иштеп тапкан акчасынан да алып калат экен.
+3
AdylbekB84
2020-07-03 17:58:54
Алар сыртка чыкпаса албетте болбойтта вирус!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан