Аргентинада карантиндин мөөнөтү узартылды

Аргентинада карантиндин мөөнөтү 7-июнга чейин узартылды. Маалыматты аталган өлкөнүн президенти билдирди деп жазышат чет элдик басылмалар.
"Учурда Буэнос-Айрес, Чако, Кордоба аймактарында илдетти жуктургандардын саны көп болууда. Мындан улам карантиндин жана өзүн изоляциялоонун мөөнөтү 7-июнга чейин узарат", - деген президент Альберто Фернандес.
Өлкөдө борбор шаарларга кирип, чыгуудагы талаптар күчөтүлөрү дагы кошумчаланат маалыматта.
Бүгүнкү күндө Аргентинада коронавирус менен ооругандардын саны 11 миң 353кө жетсе, анын 3 миң 530у айыккан. 445 бейтап каза болгон.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан