Коронавируска байланыштуу эл аралык темир жол каттамдары токтотулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
17-марттан Казакстанга өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы эл аралык багыттагы жүргүнчү ташуучу каттамды убактылуу токтотот. Ал төмөнкү каттамдар:
Поезд № 17/18 Бишкек-Москва
Поезд № 305/306 Бишкек-Казань
Поезд № 385/386 Бишкек-Новосибирск
Алдын ала билет алгандарга акчасы толугу менен кайтарылып берилет.
Ал эми Бишкек-Мерке багыты Кайыңды станциясына чейин кыскартылып, расписаниеси сакталып кала берет. Республика аралык Бишкек-Токмок, Бишкек-Кара-Балта каттамы өзгөрүүсүз жүргүзүлө бермекчи.