Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу бүгүн, 20-майга карата жаңы маалыматтар берилди. Онлайн түрүндө өтүп жаткан брифингге саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев келди.
Суроо: "Коронавирус жуктуруп алган Нарын шаарынын вице-мэринин абалы кандай?"
Жооп: "Азыркы тапта абалы туруктуу, кооптонууга себеп жок. Катнашта болгон адамдар кеңири изилденип жаткандыктан, улам жаңы тастыкталгандар чыгып жатат".
Суроо: "№27-колонияда дагы 2 адамдан вирус табылганы чынбы?"
Жооп: "Туура, буга чейин 2 кызматкерден табылган болсо, дагы 3 кызматкерден вирус аныкталды. Азыркы тапта алар катнашта болгондор изилденип жатат".
Суроо: "Коомдук транспорт ишке кирсе оору күчөбөйбү? Ал жакта кантип сактанабыз?"
Жооп: "Коомдук транспорт ишке кирсе, анда ал атайын коюлган талаптарга жооп берип гана ишин алып барат. Ал жакта социалдык аралык сакталуусу керек. Мындан сырткары транспорттун ичин улам дезинфекциялап турушат. Ошондой эле ар бир жаран колун бат-баттан жууп, бет капты чечпей, бардык эрежелерди сакташы керек".
Суроо: "Москва шаарынан келген адамдардын ичинен 100 жарандан коронавирус аныкталды деп жатышат, бул тууралуу маалымат берсеңиз".
Жооп: "Бул маалымат чындыкка дал келбейт, азыркы тапта андай жыйынтык чыга элек".
Бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 3 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 266 медициналык кызматкерге коюлган, алардын ичинен 221 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Вирус аныкталган жарандардын арасынын жетөө чет жактан келген.
Бүгүнкү күнгө карата жалпы 27 адамдан коронавирус аныкталды.
Алар:
Бишкек шаары - 4;
Чүй облусу - 1;
Ош облусу - 2
Нарын облусу - 19;
Ысык-Көл облусу - 1.
Муну менен жалпы ооругандардын саны 1 миң 270ке жетти.
20-майга карата өлкө боюнча 12 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.
Алар:
Бишкек шаары - 8;
Нарын облусу - 4.
Жалпы айыккандардын саны 910го жетти.