Бүгүн, 18-июлда "Ош" эл аралык аэропортуна "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамы менен 153 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча Кыргыз жарандарынын жеке арызынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамда кош бойлуулар жана балалуу аялдар, олуттуу себептери бар болгон жарандар: оор илдети бар, хирургиялык операция жасаткан, жакындарынан айрылып жана башка оор турмуш запкысын көргөн жарандар кирди.
Бул каттамда алар менен бирге 19 медицина кызматкер мекендешибиз кайтып келди. Алар коронавирус инфекциясы жана пневмониядан жабыркагандардын ден соолугу жана өмүрү менен күрөшүү үчүн өлкөдөгү кесиптештерине жардам беришүүдө.