Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан Казакстанга медициналык каражаттарды мыйзамсыз түрдө алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынан билдиришти.
"22-март күнү "Ак-Тилек" унаа жолунан Казакстанга чек ара аркылуу мыйзамсыз түрдө медициналык каражаттарды алып чыгууга аракет кылган Кыргыз жараны кармалган. Ал 1995-жылы туулган Т. уулу Д. экендиги аныкталган. Аталган жаранды текшерүү учурунда ал жубайы Казакстандын жараны болгондуктан, анын жанына бара жаткандыгын билдирген. Өзүн шектүү алып жүргөн жаранды текшерүүгө алганда сумкасынан скотч менен оролгон таңгактан тастыктоочу документтери жок 4000 даана медициналык бет капты табышкан. Шектүүгө карата тиешелүү документтер толтурулган соң Т. уулу Д. жана далил катары алынган товар Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматына териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, 3-марттан тартып өлкө аймагынан 6 айга чейин медициналык каражаттарды алып чыгууга тыюу салынган.