Коңшу Өзбекстандын "Өзбек кино" улуттук агенттиги коронавирус пандемиясы тууралуу даректүү тасма тартат. Бул даректүү тасмада Өзбекстандын коронавируска каршы кантип күрөшкөнү толук сүрөттөлөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
"Биз эгемендүү Өзбекстандын бул олуттуу сыноо учурундагы тарыхын даректүү тасма кылып тартууну чечтик" деп билдирген "Өзбек кино" улуттук агенттигинин башчысы Фирдавус Абдухаликов.
Абдухаликовдун билдиришинче, бул даректүү тасмада коронавирус менен ооруган адамдар үчүн ооруканалардын кантип курулгандыгы чагылдырылат. Өкмөт мүчөлөрү, медицина кызматкерлери, адистер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана ушул дарттан айыгып кеткен адамдар менен маектешүү толук көрсөтүлөт.
Акыркы маалыматтар боюнча коронавирусту дүйнө жүзүндө 1 миллион 619 миң 495 адам жуктуруп алды. 97 миң 264 адам каза болсо, 365 миң 142 адам айыгып чыкты.