Депутат: "Коронавирус кайсы жактан келгенинин айырмасы жок. Вируска каршы чогуу күрөшүү керек"

Депутат Садык Шер-Нияз коронавирус кайсы жактан келгенинин айырмасы жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

"Оорунун кайдан келгенин, аны кимдер алып келгенин баса көрсөтүп жатабыз. Оору кайсы жактан келди кимге зарылчылыгы бар? Ким каяктан алып келгени боюнча эч кимдин иши болбош керек. Биз бири-бирибизди колдоп, сабырга чакырышыбыз шарт. Биз ушундай учурда бөлүнбөшүбүз керек. Чогуу ынтымак менен бул ооруга каршы күрөшүү зарыл. Алдыда экономикалык кыйынчылыктар болот. Өзгөчө абал биринчи жолу киргизилип жатат. Бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз зарыл", - дейт ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан