Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан конуштарда маршруттук баракчалар 50 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Калыс-Ордо конушунун жашоочулары билдирди.
"Негизи маршруттук баракчаларды колго жазып алса болот деп укканбыз. Бирок биздин конушта жана коңшу Ак-Бата, Ак-Жар конуштарында деле баракчалар сатылып жатыптыр. Баасы 50 сом. Анда квартал башчыларынын колу жана мөөр коюлат. Негизи маршруттук баракча аныктама катары берилет да, эмнеге ал 50 сомго сатылып жатат? Шаар тургундары маршруттук баракчаны колго жазып алып, мөөр койдурбай эле жүрөбүз дешүүдө. Бирок биз мындай колго жазылгандар менен объезд жактагы посттордон өтө албай жатабыз. Учурда карантиндин 20-күнү кетип жатат. Шаардан акча алыш керек болот, азык-түлүк жана керектүү буюмдарды сатып алыш керек. Эмнеге бийлик конуштардын укугун бузуп, бизге өзгөчө катаал мамиле жасап жатат? Же бул райондор боюнча социалдык дискриминациябы? Негизи эле маршруттук баракчаларды сатуу мыйзамдуубу?" - дешет конуш тургундары.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.