Бишкекте санитардык нормаларды бузгандарга өзгөчө көңүл бурулат, атап айтканда бет кап тагынбай жүргөн жарандарга. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда айтты.
Маалыматка ылайык, бет кап такпай жүргөндөргө миң сомдон 5 миң сомго чейин айып салынмакчы.
"Биздин талаптардын баары инфекциянын жайылып кетпеши үчүн жасалууда. Андыктан айтылган эрежелерди сактаңыздар", - деп кайрылды шаар мэри.