Коронавируска байланыштуу эсепке дарыгерлер бир күндүк айлыгын которуп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан онлайн жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Ал туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырып өттү.
"Дарыгерлердин бир күндүк айлыгын которууну талап кылып жатат деген маалымат, чындыкка коошпогон маалымат. Коронавирустун очогунда иштеп жаткан дарыгерлер жөнүндө мындай маалыматтарды чыгаруу туура эмес", - деп билдирди ал.