Комендант: "Эки күндөн бери сейил бактарга чыгып, эс алгандар көбөйдү"

Бүгүн, 19-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат берип жатып, көчөгө чыгып эс алгандар көбөйүп кеткенин айтты. Айтымында, мындай көрүнүш эки күндөн бери байкалууда.

"Акыркы эки күндөн бери сейил бактарга барып, эс алгандар көбөйүп кетти. Өзгөчө шаарыбыздын түштүк райондорунда элдин көп чыгуусу, топтолуусу байкалууда. Мындан улам дагы бир жолу жарандарга кайрылып, биздин сунуштарды так аткарууңуздарды, үйдөн чыкпай турууңуздарды суранам", - дейт комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aikaaaa
2020-04-19 11:52:53
Мен да кечөө эшике чыктым, айлана сонун, жапжашыл. Жаратылышка суктанып, кере кере дем алдым да, коробкама кайра кирип кеттим. Эми бир суроо жаңы кошулуп аткандар обсервацияда жаткандарданбы, же сырттан жаңы кошулуп ататпы
+2
ashirbaev78
2020-04-19 11:58:18
Обсервациядагылар мурунку ооругандар менен контакт болгондор деп жататко
-1
sale-81
2020-04-19 12:16:42
Оору кычаганда, бираз чыдап үйлөрүндө отурушса болмок, буларда ооруну таратып аткандардын катарына кирип атышат, чоң эле адамдар, дүйнө жүзүн көрүп атышат, эмне болуп атканын, анан да үйдө отургандыгы үчүн башкаларга милдет кылбай эле коюшса болмок, буларды кармап айып салыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан