Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө келип, Ысык-Ата ооруканасында медициналык текшерүүдөн өтүп жаткан 6 студент чыгарылды. Алар мындан аркы медициналык кароодон жашаган аймагынан өтөрүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрликтен билдиришкендей, Кыргыз өлкөсүнө Кытайдан 28-29-январда 42 жаран келди. Алардын 24ү Кыргыз жараны, 18и Кытай жараны.
"Учурда Москва районундагы аймактык ооруканасында Кытайдан келген 6 студент, Сокулук районундагы ооруканада 3 жаран бар. Алар дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө, абалдары канааттандырарлык. Ал эми 33 жаран штабдын чечими менен бошотулуп, жашаган аймагындагы медициналык жайдан текшерүүдөн өтүп турууга жөнөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.