Биринчи вице-премьер: "Ун өндүрүүчү ишканаларга 800 миллион сом насыя катары берилди"

Ун өндүрүүчү ишканаларга 800 миллион сом насыя катары берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн жыйында билдирди.

"Азык-түлүк жетиштүү. Дагы запастарды көбөйтүү үчүн иштеп жатабыз. Бул үчүн 450 миллион сом бөлүндү. Жогорку Кеңеште ун өндүрүүчү ишканаларга 800 миллион сом бөлүнүп жатканын айтышты. Бул каражатты насыя катары берип жатабыз", - дейт Кубатбек Боронов.

Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева ун өндүрүүчү ишканаларга 800 миллион сом берилип жатканына нааразы болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан