Өлкөдө 18-мартта коронавирус аныкталып, 22-марттан тарта республиканын бардык аймактарына 1 айга өзгөчө кырдаал жарыяланган. Өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү коронавирустун жайылышына байланыштуу узартылган.
Өзгөчө кырдаал деген эмне?
Өзгөчө кырдаал - Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында болуучу кырдаал.
Мыйзамга ылайык, президент жарандык коргонуунун башка маселелерин Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизип, чечимин бекитет.
Калктын жарандык коргонуу жагындагы укуктары, Жаран жарандык коргонуу жагында эмнелерге милдеттүү, Жарандык коргонуунун мамлекеттик системинин негизги милдеттери тууралуу окугуңуз келсе ушул шилтемени басып өтүңүз.
Өзгөчө абал
Коронавирус эпидемиясынын жайылышын токтотуу үчүн 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу райондоруна өзгөчө абал режими киргизилген.
15-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында дагы өзгөчө абал киргизилген.
28-апрелде Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 10-майды кошуп эсептеген мезгилге чейин узартылган.
Ал эми Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Нарын шаарында 30-апрелде өзгөчө абал режими токтотулган. Өзгөчө абалдын негизги максаты эмне?
Өзгөчө абал - бул арга кеткендеги чара
Өзгөчө абал режими тез чараларды кабыл алмайынча токтотуу мүмкүн болбой калган оор кырдаалда гана киргизилет. Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга тийиштүү мамлекеттик органдардын чамасы жетпей баратканда, ыкчам башкарууну Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы колго алат.
Башкача айтканда, кырдаалды жөнгө салууга аскердик күчтөр тартылат. Бүгүнкү күндө башкы себеп – коронавирус эпидемиясы, анын күч алып баратышы жана элдин кенебестиги. 23-мартта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 22-марттан тарта киргизилген өзгөчө кырдаал режими оӊдуу жыйынтык бербей жатат деди. Жарандар “үйдөн чыкпа” деген сунушту укпай, бет капсыз көчөдө ары-бери баскандардын аягы тыйылбай жатканын айтты. Ал эми вирус жуктуруп алгандардын саны өсүп, республикалык штаб өлкөдө эпидемиялык кырдаал күчөп баратканын айтып, коӊгуроо кагууда.
Дал ушул жагдай өзгөчө абал жарыялоого түрттү. Эми өзгөчө абал режими күчүнө кирсе, аталган аймактарда жарандардын кыймыл-аракетин чектөөлөр катаалдашат.
Өзгөчө абал 3 учурда киргизилет, кененирээк таанышуу үчүн бул шилтемеге өтүңүз.