Саламаттыкты сактоо министрлигинде коронавирус боюнча абалга көз салуу үчүн атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирус жуктуруп алган бир дагы учур катталган эмес. Министрлик социалдык түйүндөрдө тарап жаткан маалыматтарга ишенбөөгө чакырат. Ошондой эле жалган кабарларды жайылтпоону суранат.
Министрлик жарандарга коронавирус боюнча төмөнкү чараларды сунуштайт: