Коменданттык саат: 3 себеп менен көчөгө чыгууга уруксат, жаныңызда документ жана анкета болушу керек

Бүгүн, 25-март саат 8:00дөн тарта 15-апрель саат 8:00гө чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал тартиби кирди. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлгөн.

Коменданттык сааттын убактысында атайын өткөрмө документи барлардан башка жарандар көчөдө жүрүүгө болбойт. Өткөрмө кагаздар - ИИМдин жана куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерине, дарыгерлерге жана башка ошол учурда иштөөгө тиешелүү болгон адамдарга берилет.

Саат 07:00дөн саат 20:00гө чейинки убакытта да жарандарга сыртка чыгууга чектөөлөр болот, 3 себеп менен гана сыртка чыгууга уруксат берилет:

1. азык-түлүк дүкөнүнө баруу керек болсо,

2. дарыканага баруу зарылчылыгы жаралса,

3. ооруканага баруу зарыл болсо.

Бул учурда жаран өзүнүн жанына паспортун же өзүнүн маалыматтарын аныктаган документти алып алышы керек. Мындан тышкары коменданттарга колго жазылган анкета көрсөтүү керек экенин өкмөттөн маалымдашты.

Анкетага эмнелер жазылат?

1. аты, фамилиясы,

2. телефон номери,

3. үйдөн чыгып жатканынын себеби,

4. үйдөн чыгып жаткандагы убакыт,

5. үйгө саат канчада кайтып келет, убактысын көрсөтүү керек,

6. жашаган жеринин дареги,

7. бара турган жердин дареги.

Өзгөчө абал киргизилген аймактарга себепсиз кирүүгө болбойт

25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген аймактарга кирүүгө да болбойт. Эске алына турган учурдун бири - жарандын жашаган жери боюнча каттоосу ошол аймакта болсо. Ал эми бир катар ишкерликтин түрүн жүргүзгөндөргө уруксат берилген. Ошол тизмедеги кызматкерлер саат жетиден кечки сегизге чейин жумушунун негизинде бир аймактан башка аймакка өтө алат. Ал үчүн ал жумушчулардын жанында иштеген жеринен аныктама, кайсы жерге бара тургандыгы көрсөтүлгөн кагаз болушу керек. Жеке унаасында эмес, ишкана жөнөтүп жаткан унаада болушу керек. Жумушчунун башка аймакка чыгып жатканы боюнча арыз коменданттарга берилет, коменданттар аны текшергенден кийин блокпостторго жөнөтөт, мунун негизинде ал жумушчу блокпосттордон өтө алат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан