Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери "Бет кап кийип жүр" аттуу флешмоб өткөрүштү

Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери "Бет кап кийип жүр" аттуу флешмоб өткөрүштү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Чакырыктын максаты – кардарларды жана кызматкерлерди коронавирус инфекциясын жуктуруудан жана жайылышынан коргоо. Алар Калкты тейлөө борборуна келгендерден бет кап кийүүсүн өтүнүүдө, анын үстүнө бардык борборлор антисептикалык каражаттар менен камсыздалып, имараттар дезинфекцияланууда.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги жарандарды ден соолугун сактап, өзгөчө кырдаал режиминде кабыл алынган чаралардын алкагында элдин көп чогулушун болтурбоо үчүн, Калкты тейлөө борборлоруна өтө зарылчылык болгондо гана кайрылууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан