Эквадордо коронавирустан каза болгондордун жансыз денелерин көчөгө ыргытышууда

Эквадордо коронавирустан каза болгондорду жерге берүүгө тиешелүү кызмат жетишпей жатат. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, каза болгондордун жансыз денелери көчөгө ыргытылууда. Жергиликтүү тургундар каза болгондорду ташуучу атайын кызматтын кызматкерлери көчөдө жаткан жансыз денени бир нече күндөн кийин алып кетүүгө үлгүрүп жатышканын айтышкан.

Эквадордогу чоң шаар делинген Гуаякилдин жашоочулары көчөлөргө чыгып, атайын өрт коюп жатышат. Тургундар муну менен бийликтин көңүлүн бурдуруп, каза болгондордун жансыз денелери көчөдө бир нече күн бою жатканын, шаардагы өлүккана толуп калгандыгын айтууну көздөшүүдө. Мүмкүнчүлүгү бар үй-бүлөлөр сөөктү табытка салып көчөгө чыгарып койсо, айрымдарында шарт жок. Мындан улам алар каза болгон адамдын жансыз денесин чүпүрөк менен жаап, короого, көчөгө чыгарып коюшууда.

Аталган өлкөдө вирусту жуктургандарды дарылоо дагы чоң маселе. Көпчүлүк бейтаптар ооруканага кезек күтүп турган жеринен жыгылып, каза болуп калган учурлар катталууда.

Учурда коронавирустан Эквадордо 3 миң 368 адам жабыркаса, 145 бейтап каза болду. Айыккандар - 65.

Эквадордо каза болгондордун жансыз денеси көчөлөрдө жатат
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
kechirmeni
2020-04-04 13:46:33
Кудай сактасын!!!
+14
Gulya78
2020-04-04 13:57:55
Аз эле экенго каза болгондор кантип үлгүрбөйт, тообо
+14
gute
2020-04-04 14:11:44
Gulya78, Бул официальный информацияда а по факту андан дагы көп болсо керек.
+13
bond
2020-04-04 14:22:43
Үйүндө өлсө ким эсептейт эле.
+6
AksyKum
2020-04-04 14:51:22
Кырылып калган экен десе.уйундо олгондордуда кочого чыгарып жатыптырго эсептейтда аларды дагы
+4
ika8086
2020-04-04 14:56:37
эээ тооба кылдым мусулман болуп жаратып койгон аллахыма мин мертебе шугурлор болсун.Олум баарыбызга бирдей бирок кепин менен кетели.
+13
ZUXRIDDIN20
2020-04-04 16:04:24
Капыр барбир капырлыгын кылат экенда көчөгө ыргытып
+1
Nuri1988Elim2010
2020-04-04 17:42:12
Гүлзат Мамытбектин кайын журту беле,
+7
nurhan2702
2020-04-05 00:47:33
Nuri1988Elim2010,хе-хе
0
Majit1975
2020-04-04 20:27:47
Балким бош жаткан эле гробтур
+3
Usow
2020-04-04 20:33:43
Чо то бул маалыматка ишенбей турам. Менимче мусурга табытты эле чыгарып койсо биздикилер биротоло олукту деп алганго дейим.
+3
Arstan18.18
2020-04-05 00:12:52
Жалган 100%
0
bucho
2020-04-05 00:31:28
145 киши олуптур кантип ошону комо албай калсын
+1
zhenishmyrza
2020-04-05 02:26:02
Жон эле гроп. Келесоо айтса жиндилер ишенет болуп жатасынарда. Олукту мусорго ыргытмак беле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан