Маршруттук баракчанын формасы жана өзгөчө абалда кайсы убакытта керектигин республикалык штаб жарыялады.
Саат 07:00дөн 20:00гө чейин азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага, медициналык мекемелерге баруудан тышкары, калган жарандардын жүрүүсү чектелет жана аты-жөнүн тастыктаган күбөлүк жана колго толтурулган маршруттук баракчасы болушу керек. Анда төмөнкү маалыматтар колго толтурулган болууга тийиш.
Банкка өтө зарыл болгон учурларда гана кайрылууга болот. Алгач алардын өзгөчө абал учурундагы иштөө графигин тактап алганыңыз оң.