"Путин жана анын стилдүү коронавирустан коргоочу костюму". Орус президентинин кийимин келекеге алышууда

Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ, 24-мартта коронавирус менен жабыркап жаткан бейтаптар жаткан ооруканага барып, ал жактагы абалды өз көзү менен көрүп кайткан. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазышты.

Анда имараттын ичин президент башкы дарыгердин коштоосунда аралап, кээ бир бейтаптар жаткан бөлмөлөргө күтүүсүз кирип барган. Ал жакта жаткан бейтаптардын бирөө жергиликтүү маалымат булактарынын бирине президенттин ал жаткан бөлмөгө кирип келгени күтүүсүз болгонун жана ал Путин менен даярдыксыз жолугушуп калганы тууралуу айтып берген.

"Мени бул жолугушууга даярдашкан жок. Өлкө башчынын бөлмөгө кирип келээрин 2 мүнөт мурун гана угуп, билдим. Анда дагы кызматкерлер "жаткан төшөгүңдү ондоп-түзө" дешти, мен аны оңдоого гана жетиштим", - деп билдирген Дмитрий аттуу бейтап.

Ошол эле учурда Владимир Путиндин бейтапкананы аралап жүргөндө кийген кийими социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынууда. Аны колдонуучулар "Путин жана анын стилдүү коронавирустан коргоочу костюму" деп келекелеп жатышат. Мындан сырткары алардын арасында Путинди мультфильмдин персонажына, кинонун каарманына окшоштуруп жаткандар дагы бар.

Мындай учур Кыргыз өлкөсүндө дагы болгон. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров 23-мартта "Ак-Кеме" мейманканасына жана чет өлкөдөн келген жарандар карантинде кармалып жаткан №1 интернатка барганда, кийип барган коргоочу кийими социалдык желелерде кызуу кепке алынган. Анда Аскаровдун кийген кийими менен дарыгердин кийген кийимин салыштырып, ага кыжырланган колдонуучулар болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
katerina.li
2020-03-25 17:35:48
Эмнесин келеке кылышат?? Антпесе ооруп калса озуно эле ж аман. Кулгонго куло жетипмин деген да соз бар если что
+31
katerina.li
2020-03-25 17:37:14
Анан минтип кийинбегенде жыланач барсынбы эмне??
+22
XATSAN125
2020-03-25 17:47:24
Орустарга аалам тегиз да
-11
Bilal2014
2020-03-25 17:55:55
Ден соолук баарына керек.Эч ким өлүп калышты каалабайт.Менде ушундай форма болсо мен да киймекмин.
+21
Agayu
2020-03-25 18:40:04
В В Путинди дүйнө жаман көрсө Кыргыздар көпчүлүгү жакшы көрөт .
+30
nurali1989
2020-03-25 19:00:50
В.В. Путиндин оорукчандардын устуно кирип, ал акыбал сураганы озу чоон нерсени билдирет.
+29
kanu
2020-03-26 03:42:16
nurali1989,ооба да, биздик Лер барганда жугуп калчуудай качышып отурушпайбы приказды берип коюшуп
+4
sirenaaaaa
2020-03-25 19:15:49
Молодец Путин, уйундо бекинип алып онлайн суйлоп койсо да озунун иши болчу
+30
aydinnur
2020-03-25 19:17:30
Путинди биз курактуулар жана ата энебиз тендуу токсонунчу жылдагы Россия менен азыркы абалын коргондор кудайындай эле корушот,а келекелегендер,токсондон кийинки торолгон,денди,сони ойноп чонойгондор баалашпайт да..Путин кеткенден кийин коробуз даа,Ельциндей бироосу келсе ар кимдин алдына чоголоп,оз мамлекетин озу шылдындаган..Жада калса Кытайдын лидери карантин буткондо барды Уханьга,башка олкону койдум,биздики кайдааа(шапалак кайдаа деп Балгынбектин обону менен окуп койгула)))
+4
aydinnur
2020-03-25 19:21:14
П.с.майда чиновниктер барып жатат,анда соз жок..Бирок кантип барганын болсо уктук,киргизбей койгон врачты жумуштан айдайм деп жулунганын,дагы жакшы коомчулуктун реакциясы менен ордунда калды ал врач.
+4
katerina.li
2020-03-25 19:58:19
aydinnur,ал чиновник лекция окуганы барбай эле,кызы ошол жакта жатыптыр . Анан ал кыщы тайрандап мени чыгаргыла,уйумо кетем десе керек. Врачтар чыгарбай коюшса атасы барыптыр. Анан жанагы ызы чуу окуя болуп кетитир
+1
Azat.1996
2020-03-25 22:13:09
Биздин министрдин жанында турган дарыгердин баш кийими, ашканада Поварлар кие турган баш кийим го, тооба
+6
Aituwas
2020-03-25 22:43:49
Azat.1996,ошону айтам,менин мамам повар дат ушундай чепчиги бар
+2
Aliha
2020-03-26 00:43:39
Менде бул туралу ой жок эле болуптурго.
0
PROS
2020-03-26 08:18:05
Путинди жамандагандар жалаң соц.сетте отурган айфондун фанаттары да.
+3
guju9389
2020-03-26 09:12:01
Сактыкта кордук жок сактанганы жакшыда кандай форма болсода
+2
Mekusi
2020-03-26 10:19:44
Путин молодец! Сактыка кордук жок. Эгер форма кийбей барса дагын жатып калышмак соз кылып. Эл оозунда элек жок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан