
Москва жетекчилиги коронавирустун жеңил формасы менен ооруп жаткан бейтаптарына үйүндө дарыланууга уруксат берди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Тиешелүү жарлык шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин расмий сайтына жарыяланганы айтылат.
"Департамент жарыялаган документте кимде коронавирустун оор симптомдору жок болсо, өз үйүндө изоляция шартында дарыланууга уруксат берилет деп жазылган. Эгер үй шартында COVID-19 курчуп кетсе дарыгерге кайрылуу сунушталды", - деп айтылат маалыматта.
Шаардык дарыгерлер коронавирус жуктурган төмөндөгү бейтаптарды ооруканага жаткырууну тапшырган:
- 65 жаштан жогору жаштагыларды;
- кош бойлууларды;
- жүрөгү ооругандарды;
- кант диабети менен жабыркагандарды;
- бронхиалдык астма менен ооругандар;
- өнөкөт өпкө илдети менен жабыркагандарды.