Бүгүн, 13-ноябрга карата өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдети дагы 70 жарандан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек - 24
Ош шаары - 0
Чүй облусу – 19
Ош облусу – 11
Талас облусу - 2
Нарын облусу - 0
Ысык-Көл облусу – 9
Жалал-Абад облусу –0
Баткен облусу - 5
Муну менен 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 182 миң 267ге жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 106ны түздү. Муну менен республика боюнча инфекциядан айыккандардын жалпы саны 176 миң 721 болду.