реклама
super.kg logo

Медициналык бет каптарды лицензиясы жок чыгарууга жана сатууга уруксат берилди

 

Кыргыз өлкөсүндө медициналык бет каптарды лицензиясы жок, мамлекеттик каттоосу жок чыгарууга жана сатууга уруксат берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка 23-мартта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

"Коронавирус пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун негизинде фармацевттик жана ишкердик иш-аракеттер субъекттерине төмөнкүлөргө уруксат берилгени жазылат:

  • Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесине жана саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген коронавирус инфекциясына диагноз коюу жана дарылоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесине киргизилген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды (мында алып келинген дары каражаттары жана медициналык буюмдар ѳндүрүүчүнүн ѳлкѳсүндѳ катталган болушу керек) мамлекеттик каттоосуз алып келүүгө уруксат берилет;

  • мамлекеттик жана расмий тилдерде таңгагынын маркалоосу – мамлекеттик же расмий тилдерде стикерди колдонуу менен болсо;

  • мамлекеттик жана расмий тилдердеги медициналык колдонуу боюнча нускамасы − мамлекеттик же расмий тилге котормосун камсыз кылуу менен болсо;

  • ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн аймагында катталган, Улуттук тизмеге киргизилген, маркаланышы боюнча же медициналык колдонуу боюнча нускамада катталгандардан айырмасы бар дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды алып келүүгө уруксат берилет. Медициналык бет каптарды лицензиясы жок жана мамлекеттик каттоосу жок чыгарууга жана сатууга дагы уруксат берилет.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана ал расмий жокко чыгарылганга чейин күчүндө болот.

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 42 адам.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.03.2020. 13:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
283
Катталган:
16-07-2018
Соӊку аракети:
02-04-2020 01:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Тигип сатсамбы а?аптекага откоромбу анан ошону ойлонуп жатамда
25.03.2020. 14:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
346
Катталган:
25-05-2019
Соӊку аракети:
02-04-2020 03:44
Жынысы:
Белгисиз
+2
Лалафодогу миллиондогон маска саткандар дүң баада сатам деп кыйын болбой сыртка алып чыгып элге арзан кылып чекене баада саткыла! Бул күндөн да буйруса өтөбүз! Баарыбыз ушундай күндөрдө жардамыбызды аябайлы.
Samatalibei түзөттү 2020-03-25 14:41:51
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140394;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: