Өзбекстандан гуманитардык жардам келди

Өзбекстандан берилген гуманитардык жардам кабыл алынды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 2-апрель күнү Өзбекстан Республикасы тарабынан берилген гуманитардык жардам иретиндеги ун, коргоочу комбинезон, бир жолку колдонуучу респиратор, бир жолку колдонуучу кол кап жана башка санитардык дезинфекциялоо үчүн колдонуучу каражаттарын ӨКМ кабыл алды.

Жардамды Ош облусунда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкы инспектору капитан Бабур Эшматов, Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Андижан облустук башкармалыгынын башчысынын орун басарынын катышуусунда өткөрүлүп берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругу менен гуманитардык жүктү кабыл алып, жерине жеткирүү иштери үчүн ӨКМнын техникалары жана базасы даярдалган.

Гуманитардык жардамдын курамы:

1. Ун – 1000 тонна;

2. Коргоочу комбинезон - 7000 даана;

3. Бир жолку колдонуучу респиратор – 7000 даана;

4. Бир жолку колдонуучу кол кап – 20 000 даана;

5. Коргоочу көз айнек - 500 даана;

6. Пирометр – 200 даана.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Aigesha1511
2020-04-02 17:54:48
Бизге ун бериниздер дордойдо жашайбыз
0
bema_bema
2020-04-02 17:56:37
Рахмаат чоон ,оздорунун башында мушкул тушсо дагы бизге колун сунган эн жакшы корунуш.Вирус деген балаа кетсе экен эртерээк.
+16
talaa11
2020-04-02 18:02:42
Элге туура болуштурбой жатышат жалан озунун тааныш билиштерине берип жатат Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл окмотундо. Биринчи Врачтарга анан Инвалиттерге бериш керек эле бирок андай болгон жок
+3
Bekturbek
2020-04-02 18:12:10
Өзбек туугандардан Алла ыраазы болсун!
+6
algakaray
2020-04-02 18:15:09
Чон рахмат. Оздору ооруп атса да бизге жардам берди. Башкалардан ала бербей биз деле ушинтип аларга эмне бере алаар экенбиз. Кыргызстанда мисалы элде мал коп эле да. Уй, койдун этин элден окмот сатып алып, тонналап биз деле жиберип койсок окмоттун, Кыргызстандын аты деле кошуналарга угулат эле
+10
sirenaaaaa
2020-04-02 19:43:57
algakaray, уй, кой коп болгон менен эттин баасы 420сом болуп жатат фрунзеде. Кыйын кезде 300дон ашпай турса го.
+3
Asman779
2020-04-02 18:48:12
Чоооон Рахмат!!! Озбек туугандарга, Кыргыз эли да Бир кундору жардамын берет
+8
cholpon119966
2020-04-02 18:58:37
Рахмааат
+2
sirenaaaaa
2020-04-02 19:45:15
Негизи эле Озбекстандын азыркы президенти жакшы иштеп, коптогон маселелерди чечип койду. Ынтымака келдик
+6
Beka.10
2020-04-02 19:53:42
Гуманитардык жардам келди суйунуштун кереги жок кайгырыш керек биздин мамлекетибиз кичине болбогон нерсеге туруштук бералбаганына кээде ойлонуп олтуруп келечекти карап ыйлагын келет
Озбекстанда да ошол карантин болубатат аларда зато мамлекети бар ашынып бизге жардам берибатат а бизде Кыргызстан запазы жок курук коробка болуп калды
+7
rususu
2020-04-02 20:59:21
Бизде канчалаган жерлерге беде эккендин ордуна буудай эгиш керек эле
Озбек туугандарга каатта Рахмат.
+2
nazarKGZ
2020-04-02 22:38:58
Элге сатат бул ундарды
+2
keku00
2020-04-02 23:10:28
Андижан хокимиятына, Озбек бийлигине терен ыраазычылык. Дос кыйынчылыкта билинет. Эки улут тен бул мушкулдон кутулайлы. Аллах колдосун!
+5
pero5184
2020-04-02 23:37:42
Жеп аласыңар дебегилечи, ушундай моментте кимлин алкымынан өтөт .
+2
Kitep
2020-04-03 01:31:59
Чон рахмат озбекстанга.Кабыл албай эле койсок болмок аларда да азыркы учурда кыйналгандар толтура болсо керек.
Кийин тилибиз кыска болуп калбасын десек,эт мал менен ысыгында кутулуп койсок жакшы болоор эле.
-3
bessmertiy
2020-04-03 08:51:38
Казактарга караганда түзүк.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан