Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин коронавирус боюнча абал курчуп бара жатканын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп турганын айтты. Коомдук коопсуздук маселе боюнча департаменттин башчысынын орун басары бул ооруну алдын алуу боюнча күрөшүүнү улантып жаткандарын айтты.
Кытайдагы коронавирустан 50дөн ашык адам каза болгону айтылууда.
Коронавирус оорусу тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айынын аягында чыга баштаган. Анда Ухан шаарында белгисиз өпкө оорусу жайыла баштаганы айтылган. Вирус адамдарга базарда сатылган деңиз азыктары жана жыландар аркылуу жуккан деген версиялар айтылып келет. Дарыгерлер оорунун вирусу адамдан адамга жугат деп расмий билдиргенден тарта, дүйнө жүзү боюнча бул коркунучтуу вируска каршы ар кандай алдын ала иш-чаралар жасала баштады.
Ал эми Кыргыз өлкөсүндө Тышкы иштер министрлиги жарандарды Кытайга барбай туруусун сунуштаса, Саламаттыкты сактоо министрлигинде коронавирустун алдын алуу жана абалды көзөмөлдөө үчүн штаб түзүлгөнү белгилүү болду.