"Милициянын милдетине шашлык алып берүү кирбейт" деп билдирди бүгүн, 25-мартта социалдык тармактарга тараган келиндин милициядан шашлык талап кылып жаткандагы видеосу боюнча.
"Социалдык түйүндөрдө, андан соң айрым маалымат сайттарында обсервацияда жаткан аялдын имаратты кайтарууга алган милиция кызматкеринен орой түрдө шашлык алып келип берүүнү талап кылган видеосу жарыяланды. Укук коргоо кызматкерлеринин милдетине обсервацияда убактылуу жаткан жарандарыбызга тамак-аш алып келүү кирбейт. Милиция кызматкерлеринин негизги милдети - ал жарандардын коопсуздугун коргоо жана убактылуу изоляцияда кармоо эрежесин камсыздоо болуп саналат. Аманчылык болсо, эжеге шашлык жеген күн келет", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин интернетке обсервацияда жаткан аялдын милиция кызматкерине "Шашлык таап кел, котлетабы, шашлыкпы жакшы тамак алып келип бер" деп айтып жаткан видеосу тараган.