"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан сутка ичинде 13 миңден ашык адам каза болду

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 160 миллион 825 миң 974 адам жуктуруп алды. Тилекке каршы, 3 миллион 340 миң 152 (+13474) адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 14-майга карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 852 миң 543 болду. 584 миң 478 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 23 миллион 703 миң 665 адамдан аныкталды. 258 миң 317 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 15 миллион 433 миң 989 адам вируска кабылган. 430 миң 417 бейтап көз жумса, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Эскертүү! АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтында бүгүн, 14-майга карата статистикада дүйнөдө канча адам айыгып чыккандыгы боюнча көрсөтүлгөн эмес.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан