Бүгүн, 25-апрель, күнгө ишемби. Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүнкүгө карата өлкөдөгү коронавирус боюнча абалды айтууда. Министр Сабиржан Абдикаримов адегенде бир сутка ичиндеги статистикаларга токтолууда.
Жүк ташуучу унааларга берилген уруксат жана аларды блокпосттордон өткөрүүдөгү текшерүүлөр жөнүндө саламаттыкты сактоо министри токтолду.
"Жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын чек арадан дароо эле обсервацияга алып кетишкен, алар биздин товарлар эскирип кетет деп нааразы болуп жатышкан экен. Буга кандай комментарий бере аласыз?", - деген суроо берилди.
"Бул жүк ташуучу унааларды чек арадан өткөрүүгө атайын алгоритм түзүлгөн. Чек арадан алардын дене табы текшерилет, экспресс-тест алабыз, бул текшерүүлөр шек жаратпаса анда өтүп кетишет. Бирок шек жаралып калса, кайрадан ооруну аныктоочу анализдерди алуу үчүн обсервацияга жөнөтүлөт", - деди министр.
Медицина кызматкерлеринин оору жугузуу боюнча бийлик кандай аракеттерди көрүп жатат.
"Жалпы ооругандардын 25 пайызын дарыгерлер түзөт. Өкүнүчтүү, дарыгерлерге бир жолку төлөнүүчү компенсация каралып жатат. Бул оң жагына чечилет деп жатабыз", - деди министр.
Медицина кызматкерлери оорунун очогунда иштеп жатышкандыгы - ооруну көп жуктурууга алып келүүдө. Айрым учурда алар атайын коргонуучу эрежелерди сактабагандыгы дагы болушу мүмкүн.
"Коргонуучу каражаттарды вирус менен ооруган адамдар менен иштеген медицина кызматкерлери киет, ошондой эле вирусологиянын кызматкерлерине жана блокпосттордо иштегендерге берилген. Бүгүнкү күндө вирустун очогунда иштегендерге толугу менен коргонуучу каражаттар жетиштүү", - деди министр.
Коронавирус менен ооругандар кимдин эсебинен дарыланат?
- Өкмөттүн каражатынан дарыланат. Коронавирус жеңил, орто, оор, өтө оор болуп бөлүнөт. Бул категориядагыларды дарылоого ар кандай сумма жумшалат. Жеңил формасына 7 миң 988 сом, орто ооруган адамды дарылоого 16 миң 370 сом, оор категорияны дарылоого 74 миң 764, оор форма менен ооруганды дарылоого 188 миң 807 сом чыгымдалат.
Чет мамлекеттерден 3 чартердик рейс келген, арасынан оору аныкталгандар болдубу?
- Бизге Түркиядан 211 киши келген, андан бир киши аныкталды,
- Новосибирсктен 177 киши келип, бир адамдан оору чыкты,
- Стамбулдан 352 киши келди, обсервацияда мейманканада жатышат, анализ алынган, азырынча диагноз чыга элек.
Март айына карата медицина кызматкерлерине компенсация 6030 кишиге төлөнүп берилгенин министр айтты. Жалпы суммасы 34 миллион 716 миң сомду түзөт, азыр дагы тизме такталып жатат, такталган соң майга чейин калган дарыгерлерге төлөнүп берилет.
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгондордун саны – 2 миң 463. Бул көрсөткүч эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал экенин штабдан эскертишет.
Кыргыз өлкөсү боюнча обсервацияда 1354 адам жатат.
Бир сутка ичинде 3 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Алардын баары Бишкек шаарында.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен катталган медицина кызматкерлери 175ке жетти.
Бүгүн, 25-апрелге карата өлкө аймагында дагы 9 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен жалпысынан бул ооруга кабылгандардын саны 665ти түздү.
Өлкө аймагында бүгүнкүгө карата 23 адам ооруканадан айыгып чыкты. Стационарда – 312, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 6,
Ооруканадан чыгарылды – 345,
Каза тапты – 8.