Анда өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу сууну эсептөө каражаттарынын көрсөткүчтөрү онлайн же телефон аркылуу кабыл алынары эскертилет.
Көрсөтмөнү www.bishkeksuukanal.kg (voda.link.kg) сайты, SMS же WhatsApp номуру: 0554 69 99 51 аркылуу, ошондой эле почта (автоответчик): 976944 жана телефон: 565671 аркылуу билдирсе болот.
Эсепке алуу каражаттарынын көрсөткүчтөрүн берүү мүмкүн эмес болгон учурда эсеп-билдирүү орточо айлык керектөө боюнча жазылат. Эсеп көрсөткүч кийинки айда өткөрүлүп жатканда жөнгө салынат.
Төлөмдөрдү кабыл алуу "РСК-Банк", "Оптима-Банк", "Дос - Кредобанк" банктары, «ПЭЙ-24», «BM-Technologies» -Умай, «Квикпей», «ОСМП», «Теремпей», «Кыртелсат», Элсом, О! Деньги, Balance.kg терминалдар, электрондук капчыктар жана Бишкек почтамт бөлүмү аркылуу жүргүзүлөт.
Мэрия сууну эсептөө каражаттарынын көрсөткүчтөрү алыскы режимде гана кабыл алынарын эскертти.