Казакстанда өзгөчө абал режиминин мөөнөтү 11-майга чейин узартылды. Бирок 1-майдан тарта ички аба каттамдын иши жандана баштайт деп жазышат казак басылмалары.
Аталган өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин регламентин тыкыр иштеп чыгуу керектигин эскертти.
"Өлкөдө бардык аба каттамдары токтотулган. Бул чектөө толугу менен өзүн актады. Абал турукташып баратканын эске алып, Нур-Султан-Алматы каттамын 1-майдан баштап жандантабыз. Аба каттамынын жанданышы коронавируска каршы күрөшүүгө тартылган көптөгөн адистерге жана жарандарга өтө маанилүү. Карантиндин талаптарын акырындык менен жеңилдетүү мурдагыдай жашоо дегенди билдирбейт", - деген өлкө башчы.
Коңшу өлкөдө азырынча көңүл ачуучу борборлор, кинотеатрлар, ресторандар, сейил бактар жана башка адамдар массалык түрдө топтолуучу жайлардын иши жанданбайт. Ошондой эле дистанциялык окуу улантылат деп айтылат маалыматта.