"Колдон келсе жарандар же ишкерлер тиккен бет каптарды колдонбош керек" деп бүгүн, 25-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер бири-бирине көз каранды болот экен. Кытайда коронавирустун очогу аныкталды деп билдиргенден баштап, чек аралар жабылып калды. Ошол өлкөлөрдөн келген бет каптар азайып, запасын толуктоо максатында өкмөт бардык аракетин жумшап жатат. Бет каптарды ишкерлер, жарандар тигишүүдө. Алар өздөрү сатып алган ар кандай материалдардан бет кап тигип жатышат. Буларды колдонууга болот деп сунуш берген эмеспиз. Колдон келсе мындай бет капты колдонбош керек", - дейт Акматова.