Медицина кызматкерлеринин иштөөсү үчүн эч кандай чектөөлөр жок. Учурда алардын жумушка баруу жана кайра үйүнө кайтуу маселеси чечилип жатканын Бишкек шаардык комендантынын орун басары Азизбек Алымкулов билдирди.
"Дарыгерлердин жумушка баруу жана кайра үйүнө кайтуусу үчүн каттамдар планын иштеп жатабыз. Бул маселе боюнча Бишкек мэриясы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте жооп берет”, - деди ал.