"Жылмайган дарыгерлер". Казакстанда ак халатчандарга арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду

Казакстандын Нур-Султан шаарында дарыгерлердин жылмайган сүрөттөрү Атырау көпүрөсүн кооздоду. Бул тууралуу казакстандык басылмаларда жазылды.

Маалыматка ылайык, Атырау көпүрөсүндө (велосипед өтүүчү өтмөктө) жергиликтүү медицина кызматкерлеринин жылмайып түшкөн сүрөттөрү илинген. Мындай сүрөт көргөзмөсүн Руслан Мазунин аттуу профессионал сүрөтчү уюштурган. Ал ушундай жол аркылуу медкызматкерлерге ыраазычылык билдирүүнү туура көргөн.

"Эл коронавирус менен күрөшүүдө опол тоодой эмгеги бар, бүгүнкү күндүн баатырларын ар бирин билиши керек. Сүрөттөргө үңүлө карап, дарыгерлердин көзүнөн баары жакшы болоруна чоң үмүт бар экенин көрүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан