Президент Эл аралык валюта фондуна Кыргыз мамлекетине каржылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады

Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын Кыргыз мамлекетинин экономикасына тийгизе турган коркунучтары жана кесепеттери, ошондой эле аларды алдын алуу үчүн финансылык жардам маселеси боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсү түзүмдүк реформаларды алдыга жылдыруу жана жалпы эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн дайыма жардам берип келген фонд менен кызматташууга чоң маани бере тургандыгын белгиледи.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына жана дүйнөлүк финансылык рыноктордогу волатилдүүлүккө байланыштуу учурдагы кырдаал өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукка терс таасирин тийгизип жаткандыгын, мындан улам экономикалык кесепеттерди жумшартуу үчүн кечиктирилгис чараларды кабыл алуу керектигин айтты.

Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков аталган фондго коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам болчу терс кесепеттерди жумшартуу үчүн Кыргыз мамлекетине каржылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды.

Тигран Погосян фонд коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам экономикалык жактан жапа чеккен өлкөлөрдү каржылоо инструменттеринин алкагында чукул жардам көрсөтүүнүн ар кандай варианттарын караштырып жаткандыгын билдирди.

Ал Кыргыз өлкөсү чукул жардам алууга биринчилерден болуп билдирме бергендигин жана фонд Кыргыз мамлекетине каражат жагынан жардам көрсөтүү маселесин жакынкы күндөрү ыкчам түрдө карай тургандыгына ишендирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан