Өкмөт коронавируска байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизди

Кыргыз өкмөтү коронавирус боюнча кырдаал жакшырганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришет.

Анда коронавирус инфекциясына (COVID-19) байланыштуу маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилгени айтылат. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

"Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында кабыл алынды.

Соода, кардарларга кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу жайларында чектөө алынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул жайларда аба тазалагычтарды орнотуу жана кызматкерлер менен кардарларды дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана башка административдик ведомстволорго мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мекемелерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chake
2020-03-12 15:27:25
Өкмөт тез арада ушундай чараларды корбосо бул коронавирус дегенинер балее болдуго
+1
Alixan-Nookat.2015
2020-03-12 18:04:50
Келе жаткан Нооруз жана май айындагы майрамдарды өткөрүүгө тыюу салуу керек, керек болсо колдон келсе окуу жайларды жаап Казакстанга окшоп онлайн окууга өткөрүү керек убактылуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан