"Ухан вирусу": Дүйнөдө сутка ичинде 18 миңден ашык адам коронавирустан каза болду

Бүгүн, 29-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 101 миллион 402 миң 676 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 55 миллион 993 миң 156 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 188 миң 745 (+18278) адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 25 миллион 756 миң 351 болду. 432 миң 971 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 701 миң 193 адамдан аныкталды. 153 миң 847 адам каза болсо, 10 миллион 373 миң 606 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 9 миллион 58 миң 687 адам вируска кабылган. 221 миң 547 бейтап көз жумса, 7 миллион 979 миң 513 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан