Бүгүн, 26-мартта Өкмөт үйүндө вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымат жыйын берүүдө.
"Азык-түлүк, дары-дармек чыгарган атайын компаниялар иштейт. Ошондой эле күйүүчү майларды ташыган компаниялар да ишмердүүлүгүн улантат. Мындан тышкары бажы тармагы дагы иштейт. Алар өлкөгө кирип жаткан азык-түлүктөрдү көзөмөлдөйт.
Жакын арада азык-түлүк ташыгандарга дагы да жеңилдиктер болот.
Азыр көп адамдарда уруксат кагазы боюнча көп суроолор болуп жатат. Туура түшүнгүлө баары иштеп жатат. Ал бир апта аралыгында бүтүп калышы мүмкүн" деп кошумчалады вице-премьер.